Бүгүн, 10-майда Жалал-Абадда экс-депутат Камчыбек Ташиевдин “Томас” фирмасына караштуу нефтебазадан өрт чыгып, Жалал-Абад жана Ош облусунун жакынкы бир нече райондорунан келген өрт өчүргүчтөр бир күн кечке өрт өчүрүштү.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин Камчыбек Ташиев катарга тизилген өрт өчүргүчтөрдүн алдына чыгып, ыракматын айтып, “силерден да мага окшогон генералдар чыксын!” деп батасын берди. Андан кийин өрт өчүргүчтөрдүн баарын орозо айынын учурунда ооз ачууга чакырарын билдирди.
“Кырсык каш кабактын ортосунда” дегендей, өрттүн кабарын күтүүсүз жерден уккан Камчыбек Ташиев үйүнөн шашып чыкканы билинип турду.
Булак: Kyrgyztoday.kg
Видео Зулфия Тургунованын баракчасынан алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ