Menu

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго түз суроо: Парламент чимкирик атыкканына намыстанасызбы?

Бөлүшүү:

– Дастан Артисбекович, сиз Жогорку Кеңештин төрагасы болгондон бери парламенттин кадыры аябай түшүп кеткени боюнча сын-пикирлер арбын айтылып жатканын кулагыңыз чалдыбы? Чалса, эң кур дегенде эмне себептен мындай сөздөр чыгып жатканын анализдеп көрдүңүзбү? Буга дейре Жогорку Кеңештин дарегине “чимкирик” деген сөз айтылбаса керек, чынбы? Эмне үчүн сиздин учурда айтылды? Парламенттин деңгээлин “чимкирикке” дейре түшүрдүмбү деген сезим менен ой-калчап, намыстандыңызбы? Мына жакында Кара-Суу районуна тойго барып, дагы сөзгө калдыңыз. Сиз болсо: “Мен барбай коюуга мыйзамдык негиз жок болчу” – деп актанып беттырмарлык кылдыңыз. Сизде мораль деген жашабайбы? Кыргыз уят өлүмдөн катуу дечү эле го?.. Сиз бул жоругуңуз менен эң жогорку мамлекеттик кызматтын кадырын кетирип алдым деп ойлогон жоксузбу? Мамлекеттик маанилүү иш-чарага баргандай жоон топ депутаттарды ээрчитип алып чай ичет элем деп шадыраңдап жүргөнүңүз акчанын, кулкуңдун кулу экен деген түшүнүктү бербейби? Деги эле өзүңүздү кандай төрагамын деп эсептейсиз? Үн катыңыз…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: