Удургуган эбегейсиз бороонго,
Балким бербейт, сиз бересиз туруштук.
Таңды күтүп, келсек дагы акырын,
Райым байке, сиз болосуз кепилдик.
Долуланып АША онтоп улуду,
Дайра согуп, жел да саамга тыныды.
Бирок аны эч ким ээрчип акпады,
Сизге карай толкун уруп жылыды.
Дагы сүрдүү дайранын шоокумдары,
Балким кесе катаалдана урса дагы.
Мен келемин шамалдын мизин кармайм,
Райым байке, бек турамын өзүм дагы…
Асланбек САРТБАЕВ, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ