Menu

Калыстык кебин шарт айтып, калкым деп турган инсан бар

Бөлүшүү:

Саясаттын чатырашында ар түркүн жүрүштөрдү жасап, жалпы эмес, өздүк кызыкчылыгы үчүн өлкөнү жеп-тоноп, аны дүңүнөн эле сатып жибергиси келип, ар кыл максатты көздөгөндөр арбын. Бирок, алардан айырмаланып элим деген, мамлекет үчүн ой жоруган, адамдык ариети бийик инсандар бар. Эсеби маселен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен омоктуу ою, орундуу кеби менен аброюн бийиктикте сактап келе жаткан Мыктыбек Абдылдаев коомчулукту дүрбөткөн уран кени боюнча ток этээрин айтты. Өз сөзүндө Абдылдаев «Чалгындоо иштерине лицензия бердик деп бир жумадан бери эле айтып келе жатасыздар. Чалгындоо иштери кыргыз мамлекетинде 70-жылга чейин өткөн кылымда эле бүткөн. Баары тең архивде. Архивден алып эле түз келип атышат, ушул жерди бизге бергиле деп. Москвада өзгөчө бар. Илгери ССР убагында Түстүү металл министрлиги деген болгон. Ошонун архивинде бүт жатат» – деп Кыргызстан аймагында уранды чалгындоо аракеттерине чек коюу сунушун киргизди. Ага улай Абдылдаев аталган маселе боюнча ведомство аралык эле эмес, мамлекеттик комиссия түзүүнү жана күнөөсү бар чиновниктерди жоопкерчилигин кароо маселесин да кабыргасынан койду. Чалды-куйду сүйлөгөндөр ушул Абдылдаевден үлгү алса дегиң келет… Айтмакчы, Кыргызстанда уран кенине байланыштуу буга чейин жалпы 18 лицензия берилип, анын жарымы жалаң уранды жана калган тогузу уран менен кошо башка да металлдарды чалгындоого берилгени парламентте такталды. Дегеле, эгемендик жылдары Кыргызстан тоо кен тармагын иштетүү боюнча 2,5 миң лицензия берген. Жыл сайын мамлекеттик казынага бул тармактан 12 миллиард сомго жакын акча салык жана башка төлөмдөр турүн дө түшүп турат. Бирок ага карабастан өлкөдө маал-маалы менен ал компаниялардын жергиликтүү экологияга тийгизип жаткан терс таасири тууралуу талаш-тартыштар болуп келет.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: