Menu

АКШда Казакстанга каршы жазылган 180 миллион долларлык доо арыз четке кагылды

Бөлүшүү:

АКШнын Колумбия аймактык соту 2010-жылы декабрда америкалык үч компаниянын Казакстандын Энергетика министрлигине карата жазган 180 миллион долларлык доо арызын четке какты. Бул тууралуу 13-майда Казакстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Доо арызда Turan Petroleum, Inc., Energyfund, Inc. жана Trustees for Trek Resources, Inc компаниялары Казакстандагы Арыс жана Арал мунайгаз кендерин иштетүү боюнча түзүлгөн макулдашуу, ошондой эле инвестицияларды коргоо тууралуу АКШ менен Казакстандын ортосундагы келишим боюнча доочулардын укуктары бузулгандыгын билдиришкен.

«Сот АКШнын «Чет өлкөлүк суверендүү иммунитеттер тууралуу» мыйзамынын негизинде юрисдикция жок болгондугуна байланыштуу доо арызды четке какты», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Informburo.kz жаңылыктар агенттигинин Law360 сайтына шилтеме кылып жазганына караганда, Арал кенин иштетүү долбоору 2005-жылы, «инвестор милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн» токтотулган. Арыс кени боюнча келишимден Казакстан бир тараптуу негизде 2010-жылы чыккан.

Казакстанда Энергетика министрлиги 2014-жылы августта түзүлгөн. Ага мурдараак жоюлган Мунайгаз, индустрия жана жаңы технологиялар, ошондой эле Айлана чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары министрликтеринин ыйгарым укуктары берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: