Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Румыниянын Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы Михай Дарабан менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга ошондой эле Румыниянын экс Тышкы иштер министри Лазар Команеску, Румыниянын Соода-өнөр жай палатасынын Башкы катчысы Теодор Караманян жана Румыниянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чезар Армеяну катышты. Министр Ч.Айдарбеков КРнын ЕС менен кызматташтыгы туурасында, Борбор Азиядагы регионалдык кызматташуу жөнүндө румын тарабына кыскача маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин бардык комплексин мындан ары интенсификациялоо ниетин билдирип, бизнес-форумдарды уюштуруу жолу менен эки тараптуу
кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти. Румыниянын Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы М.Дарабан Кыргызстан менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ