Menu

Видео – Тажик президенти Эмомали Рахмон байып кеткен бажычыны чогулушта суракка алып, абийирин айрандай төктү

Бөлүшүү:

10-май күнү Тажикстандын борбору Душанбеде президент Эмомали Рахмон финансы, салык, бажы жана банк тармагынын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү жана президенттик аппараттын кызматкерлери да катышкан. Бул тууралу Life Taj жаңылыктар кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө президент тез байып кеткен бажы кызматкерин микрофонго чыгарып алып, суракка алып, калпын чыгарды.

Президент: Микрофонго чыкчы. Атың ким?

Бажычы: Раджабзода Шахбоза

Президент: Бажыда канча жылдан бери иштейсин?

Бажычы: Бир жыл 8 ай болду.

Президент: Канча үйүң бар? Чынын айт!

Бажычы: Үч үй.

Президент: Канча машинаң бар?

Бажычы: Бир.

Президент: Бир эмес, чынын айт! Мен баарын билем.

Бажычы: Эки машина. Бири гана менин атыма катталган.

Президент:  Бири сенин атыңа, экинчиси башка бирөөнүн атына катталган. Машинаңдын баасы канча турат?

Бажычы: ——–

Президент:  Канча тил билесиң?

Бажычы: Үч тил.

Президент:  Кайсы жерде окугансың?

Бажычы: Россиянын Дипакадемиясында, мамлекеттик кызмат адистиги боюнча

Президент:  Жалган сүйлөбө, окууну бүтпөй калгансын!

Бажычы: Мамлекеттик кызматОоба, ооба…

Президент:  Бүтө албай калгансын, жалган айтпа!

Бажычы: Ооба, бүтпөй калгам, ал жакта айрым маселелер болгон…

Президент:  Сени сабатсыздыгыңан улам окуудан чыгарып салышкан!  Эмне үчүн сен көрүнгөн жерде президенттин балдарынын атынан сүйлөйсүн? Мына, сага жаш кадр! Мунун күнөөсү башындагы чачынан көптүк кылат. Түшүндүңбү? Cен кайсы жерде гана иштебегин, баардык кызматтардан куулгансын. Сени кантип жумушка алышкан мен билбеймин. Эч кимге баш ийбейт! Алтургай эч ким менен саламдашпайт экен. Сен эмне, асмандан түштүң беле? Cага эмне мыйзам жокпу? Мыйзам ким үчүн жазылган? Же сен эмне? өзүңдү күнөөсүз деп эсептейсиңби? Кемчиликтериң жокпу?

Бажычы: Бар.

Президент:  Азыр барасың да өзүң арыз жазып, көзгө көрүнбөй жоголгун. Жашсың, болбосо түрмөгө олтуруп калмаксын. Эң эле жок дегенде 15 жылга кесилмексин. Чет өлкөгө алып чыгып кеткен акчаларыңдын баарын артка кайтарып алып келесин!

Бажычы: Айтканыңыз аткарылат.

Президент:  Олтур. Көпчүлүк бажычылар ушундай жасап келишет. Булар карапайым кишилер эмес. Анан кантип бюджетттин кирешеси көбөйөт? Cилер каякты карап олтурасыңар? Жүз миллиондор, миллиарддар четке кетип жатат. Силер бюджеттин планы аткарылбай  калды деп айтасыңар. Жөнөкөй мугалим эртеден кечке 10-12  саат тынбай иштеп болгону 700 сомони алат.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Видео: Life Taj

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: