Корея Республикасындагы Кыргыз элчилиги Ульсан шаарындагы кыргызстандык студенттер жана кыргыз диаспорасы менен Ульсан шаарында 2019-жылдын 11-12 майында болуп өткөн “Global Ulsan 2019” улуттар аралык фестивалында Кыргызстандын атынан катышты. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Фестивалга келген конокторго Кыргызстандын кооз табияты, элдин каада-салтын көрсөтүп боорсок, чак-чак, санза жана башка даамдарды тартуулады. Ошондой эле, Кыргызстандын экологиялык таза продукциясыларын даам татып көрүүнү тартуулап, тагыраак айтканда тоонун балы жана кургатылган мөмө-жемиштер жана андан сырткары мамлекет жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилди.
Фестивалдын жүрүшүндө Ульсан шаарынын элине жасалма боз-үйдү чогултуп, улуттук кийимдерди кийип көрүү тартууланды.
2019-жылдын 11 майында болуп өткөн фестивалдын ачылышында элчи Динара Кемелова Ульсан шаарынын мэри Сон Чхоль Хо менен иш-чаранын негизги экспонаты катары коюлган кыргыз боз үйүнүн ичинде эки тараптуу жолугушууну өткөрдү. Жолугушуунун негизинде эки тарап эки мамлекеттин региондорун өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданият, гуманитардык жаатында катташуу боюнча сүйлөшүү болуп өттү.
Кыргызстандык студенттер комуз жана ооз комузда кыргыз улуттук күүнү ойношуп жана «Кара Жорго» бийин бийлешти. Ошондой эле, иш-чаранын экинчи күнүндө улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп кыргызстандык команда 3-чү орунду ээледи. Фестивалда боз үй өтө популярдуу болуп баарынын көңүлүн алды.
Элчилик фестивалга катышып берген UNIST университетинин студенттерине, ошондой эле Ульсан шаарынын диаспорасынын башчыларына жана кореялык ыктыярчыларга иш-чараны өткөрүүдө жардам берип, катышып бергендиги үчүн чоң ыраазычылыгын билдирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ