Menu

АКШнын Өзбекстандагы жаңы элчиси ант берди

Бөлүшүү:

Даниэль Розенблюм АКШнын Өзбекстандагы элчиси катары ант берди. Бул тууралуу «Америка үнү» радиосу кабарлады.

Былтыр сентябрда АКШ Сенатынын Эл аралык иштер комитети Өзбекстандагы элчи кызматына Розенблюмдун талапкерлигин жактырган. Бирок ноябрда комитет курамынын жаңылангандыгына байланыштуу анын талапкерлигин бекитүү кийинкиге жылдырылган.

Быйыл 11-апрелде комитет мүчөлөрү кайра шайлангандан кийин Розенблюм АКШнын Өзбекстандагы элчиси кызматына дайындалды.

Вашингтондогу ант берүү аземинде сүйлөгөн Розенблюм бул кызматтагы негизги максаты Ооганстанда тынчтыкка жетишүү, Өзбекстандагы реформаларды колдоо, АКШ инвестициялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана адам укуктарын коргоо болорун белгиледи.

Розенблюм Өзбекстанга майдын аягына чейин келип, президент Шавкат Мирзиёевге ишеним грамотасын тапшырат. АКШнын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Памела Спратлен кызматтан 2018-жылы июнда кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: