Menu

Камала турган Каныбек Нарбаев кандайча эркиндикте жүрөт?

Бөлүшүү:

«Мыйзам», «Конституция» деп эле талкуулап жатып калабыз. Акыл үйрөтүү жаатына келсек, ааламда алдыбызга киши салбайбыз. Бирок ошол эле маалда мыйзамды уруп ойнобой, аны оюнчук, ал эми элди келесоо ойлогондор арабызда эле жүрөт. Кезинде куйругуна килейген калбырды байлап алып, шалдыратып эле сүйрөп жүргөндөрдүн бүгүн үнү чыкпай, бирок ошол эле маалда калбыры кайда кеткени ың-жыңсыз.

Маселен, Архитектура жана курулуш агенттигинин экс-директору Каныбек Нарбаевге мындан 3-4 жыл мурун Кылмыш кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон эле. Тиешелүү органдар Нарбаевдин миллиондогон сомдордун кымырылышына тиешеси бардыгын аныктап аны шардана кылышкан. Анда белгилүү болгондой, мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы менен капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалык «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын негизинде жолдорду куруу иштерине мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүп келет. Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалык тендерлер үчүн 1984-жылы бекитилген 13%дык чектеги чыгашаларды колдонгон болсо, Капиталдык курулуш боюнча башкармалык Каныбек Нарбаевдин 2012-жылы жазган каты боюнча бекитилген 21,5%дык өлчөмдөгү накладдык чыгашаларды пайдаланган. Ошол эле мезгилде капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалык Капиталдык курулуш башкармалыгынан кылынган иштер боюнча актыларды 13 %дык менен кабыл алып турган.

Натыйжада 8,5 % ашыкча чыгашага жол берилген. Эсептей келгенде, бир жолду ремонттоодо эле бюджетке 2млн. 880 миң сом зыян келтирилген. Ал эми 2011-2013-жылдары мамбюджеттен жолдорду оңдоп-түзөөгө 1 млрд. 873 млн. 500 миң сом бөлүнгөн. Ошондо калган зыяндын канча болгонун өзүңүз эсептеп алсаңыз болот, окурман. Эгерде Каныбек Нарбаевге коюлган айыптар далилденсе, ал 110 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылмак. Бирок али күнчө ал козголгон иштен дайын жок. «Иттен жок же ит байлаган жиптен жок» дегендей. Нарбаев болсо жазага тартылмак түгүл жеке менчик компанияларды башкы архитектору болуп тайраңдап жүрөт. Чын эле Каныбек Нарбаев эмне үчүн эркиндикте сайрандап жүрөт деген соболго ким жооп берет? Же берчүсүн берип туруп, ишти «ким көрдү» кылдыбы? Айтор, суроолор арбын жооп жок…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: