Menu

Тоо-кен тармагына адашып келген Зилалиев бүгүн кайда?

Бөлүшүү:

Дүйшөнбек Зилалиев деген камакта жаткан саясатчы бар эмеспи. Ушул Зилалиев Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору болуп иштеп жүргөндө кайсы бир гезитке маек берип жатып: «Досторум, классташтарым болуп сабактан чыгып алып тоого чыкканды жакшы көрчүбуз. Балким, ошол кезде эле менде кандайдыр бир геологияга болгон кызыгуулар болгон окшойт», -деп өзүн тоо кен-тармагына «клейлеп» жабыштырганын угуп боорубуз эзилген. Бирок, бул «чыгаан жигит» кайра эле экинчи сөзүндө өзүнүн айтканын өзү танып, «Бул тармакты такыр эле билчү эмесмин, ал тургай имаратты кайсы жерде жайгашканынан да кабарым жок болчу» деп оозду ачырганы эсибизде. Анан эмне болду? Кесипкөй адис болбосо дагы тоо-кен тармагына жетекчи болуп келди, иштеди, ит бекер лицензияларды таратты. Жыйынтыгында жеке эсебинде эле бир миллион доллары бар чириген байга айланып чыга келди. Бирок,
кесипкөйлүк баарынан жогору тураарын мезгил көрсөттү. Адашып келген жетекчилердин түбү кандай болоорун жон терибиз менен сезип олтурабыз…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: