Menu

“Айыл банкка” жаңы жетекчилик дайындалды

Бөлүшүү:

«РСК банк» менен «Айыл банкка» жаңы директорлор кеңеши дайындалды. Муну менен катар «Айыл банк» төрагалуу дагы болгонун Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан кабарлашты.

Эске салсак, аталган эки мекеменин тең акционерлери 29-март күнү директорлор кеңешин жана төрагаларын мөөнөтүнөн мурда кызматтан четтеткен. Эки банктын тең директорлор кеңешинин эки жылдык мөөнөтү бар болчу. Алар эмне себептен эрте бошотулганы айтылган эмес.

«Айыл банктын» төрагасы Кайрат Маматовдун ордуна Малабек Токтоболотов келди. Ал эми «РСК банкына» жаңы жетекчи дайындала элек», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, «Айыл банктын» директорлор кеңеши беш, «РСК банктыкы» төрт адамдан турат.

«Айыл банк» жана «РСК банк» ААКтарынын акцияларынын 100 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна тиешелүү.

«КР Улуттук банкы тууралуу» мыйзамга ылайык, банктардын директорлор кеңеши үч жылдык мөөнөткө шайланат. Дал ушул кеңеш банктын төрагасын тандайт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: