Бүгүн, 14-майда Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Кыргызстандын муфтияты уюштурган ифтарга (ооз ачуу) ФЕТӨнүн (Фетуллахчы террордук уюму) корбашчыларынын да чакырылышы түшүнүксүз болду деп билдирди. Бул тууралу ТРТ маалымат агенттиги кабарлайт.
«Кыргызстандын муфтиятынын 8-майда уюштурган ифтарга бул өлкөдөгү ФЕТӨ корбашчыларынын да чакырылганы биз үчүн түшүнүксүз. Ошондуктан ошол эле ифтарга чакырылган Бишкектеги элчибиз бул абалды байкап калыптыр жана керектүү укуктуу каршы чыгуусун көрсөттү», – деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Хами Аксой.
«Бул террор уюму туудурган коопсуздук коркунучу ФЕТӨ чардап жаткан өлкөлөрдөгү кесиптештерибизге көп жолу айтылды жана атайын түшүндүрүлүүдө. Бул темага досубуз болгон өлкөлөрдүн бир гана расмий органдарынын эмес, бүтүндөй улуттук мекемелеринин керектүү сезимтал мамилени көрсөтүүлөрүн күтүүдөбүз»,-деди Хами Аксой.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ