Menu

Фото – Кашкар Жунушалиев Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолукту

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен  жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 14-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору  Кашкар Жунушалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөлөрү жана Коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи   менен жолукту.

Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү менен катар кытай тараптын делегациясынын курамында  Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Ыйгарымдуу элчиси Ду Дэвэнь айым, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Мэн Ян,  Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук иштери боюнча ыйгарым укуктуу адиси  Чэнь Гопин, Кытай Эл Республикасынын  мамлекеттик коопсуздук министринин орун басары  Дун Цзиньвей жана башкалар бар.

Ал эми, кыргыз тараптан делегацияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору  Кашкар Жунушалиев жетектеп, курамына Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары  милициянын генерал-майору Курсан Асанов, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жана тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери кирди. Аталган жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу менен аны мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды. Ошондой эле, кызматташууну өнүктүрүүнү улантуу менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү керектиги айтылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак-бир жол”  экинчи форумга катышуусунун алкагында өткөн  жолугушуусу белгиленди.  Аталган жолугушуу эки мамлекеттин ортосундагы жагымдуу мамилелер менен бардык багыттар боюнча бирдиктүү кызматташуудагы кызыкчылыктарды көрсөтүп, эки өлкөнүн Президенттери тарабынан тапшырылган иштерди улантуу керектиги айтылды. Жолугушуу учурунда өз ара кызматташуулар бири-бирин сыйлоо жана ишеним көрсөтүү принцибинде негизделгендигин жана  кыргыз-кытай мамилеси приоритеттүү багыттарда өнүгүп жаткандыгы белгиленди.

Эки өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөө максатында мындан ары кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду. Маанилүү маселелерди талкуулоодон кийин, протоколдорго кол коюу салтанаты өттү. “Кыргыз Республикасынын ИИМи менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “Кыргыз-Кытай” газ өткөрүү жолдорунун коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү тууралуу” жана  “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө” эки протоколго кол коюлду.

Кол коюлган протоколдордун бирин ишке ашыруунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү менен  Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз негизде Кыргыз Республикасынын ИИМне 30 миллион юань суммасындагы жабдыктарды (полициялык)   берүү пландалууда. Бул материалдык-техникалдык жардамдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Жакшы маанайда жана достук мамиледе өткөн жолугушуунун аягында, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө менен өнүгүүнүн негизги багыттарында жүрзүлө турган иштер   баса белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: