Menu

Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Кумаркананы органдын адамдары калкалайт”

Бөлүшүү:

Бардык көмүскөдө иштеп жаткан кумарканаларды органдын адамдары калкалап турат. Чоң күчтөр бар. Аларды текшерген адамдар өздөрү көзөмөлдөшөт.  Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.

13-майда Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана деп айтылган мекемени тартып жаткан учурда ”Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаков жана “Нур” телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбек уулуна кароолчулар кол көтөргөн.

Журналисттер Ош шаарындагы ”Делюкс” мейманканасынын капталында жайгашкан мекемени тартууга барышкан. Буга ири суммада акчасын уттуруп жиберген баланын ата-энесинин кайрылганы себеп болгон.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары айтып жүрүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: