Menu

Мирзиёевдин оозеки буйругу менен коммерциялык банк жетекчилеринин беш айлык маянасы кармалды

Бөлүшүү:

2-майда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Ар бир үй-бүлө — ишкер» деп аталган программанын аткарылышы боюнча видеоселектордук жыйын өткөргөн. Анда мамлекет башчы коммерциялык банктардын жетекчилери бюджетке беш айлык маяналарын кайтарып бериши керектигин билдирген.

Мирзиёевдин бул оозеки буйругу менен бөлүнгөн каражатты өздөштүрүүдө насыя программасын натыйжалуу аткарган эмес деп айыптаган банк жетекчилери жазаланды.

Президенттин 7-марттагы жарлыгына ылайык, «Ар бир үй-бүлө — ишкер» программасы үчүн максаттуу фонддордон кошумча 5 триллион сум (595 миллион доллар) бөлүнгөн. Ага чейин өлкөдөгү ишкерлердин демилгелерин колдоо үчүн коммерциялык банктар аркылуу быйылкы жылга 6,2 триллион сум (700 миллион доллардан ашык) каражат бөлүнгөн.

Жыйындын жүрүшүндө президент ишкерликти өнүктүрүүгө жана акча бөлүп берүүгө жооптуу болгон жетекчилерди сынга алып, алар бөлүнгөн каражаттын 19 гана пайызын жеңилдетилген насыя катары беришкенин билдирген.

«Борбордук банктын төрагасы коммерциялык банктардын жетекчилеринин беш айлык маянасын, Борбордук банктын Анжияндагы бөлүмүнүн башчысынын бир жылдык айлыгын алып, ал каражаттын балдар үйлөрүнө бөлүнүп берилишин көзөмөлдөшү керек», — деп билдирген Мирзиёев жыйын маалында.

Адвокаттардын пикиринде, мамлекет башчынын мындай оозеки буйругу өлкө мыйзамдарына каршы келет.

«Эгер протоколдо мамлекеттин үлүшү бар болсо, анда мамлекет жумуш берүүчү катары эмгек келишимин бузган кызматкерлерге дисциплинардык чара көрө алат. Бирок Эмгек кодексине ылайык, жаза айлык маянанын 50 пайызынан ашпашы керек. Бул жерде болсо 5 айлык жана 1 жылдык маяна жөнүндө сөз болуп жатат, болгондо да өлкө башчынын оозеки буйругу менен. Президент жини келгенде ушундай жазаларды айтып коюшу мүмкүн. Бирок расмий протокол түзүлгөнгө чейин ал юридикалык экспертизадан өткөрүлүшү керек», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген ташкенттик адвокат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: