Menu

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акунга түз суроо: Батукаевди актаганыңыз үчүн алган акчалардын жасалма болуп чыккандыгы чынбы?

Бөлүшүү:

Далай кыргыз жигиттеринин кулагын кесип, крим дүйнөдө кир иштерди жасаган Батукаев жалган диагноз менен өлкөдөн узатылганда коомчулук аябай удургуп, бирок бийлик башындагылар «карга карганын көзүн чукубайт» деген оюнун көрсөткөндөн кийин жамы журт «силерди элдин кусуру урсун» деп аргасыздан жер муштап кала берген. Кыргызга Кудайдын көзү түз экен, ошол оркойгон иш кайрадан казылып, беш дарыгер камалды. Күнөлүүлөр кутулуунун аргасын издеп, бири-бирин чукуй баштады. Аны Ф.Кулов, З.Рысалиев ж.б. кызыл-чеке болгон маектеринен көрүп жатабыз. Биз так ушул учурда «Батукаев мыйзамдуу чыкты» деп булбулдай сайраган Турсунбек Акунду таппай калдык. Кызматынан айрылып, сары улактай садага чабылганда ЖоКеде эстен танып, кабинетинде төшөк тартып жатып калган, эми тор көзүнө элестегенде биротоло «комага» түшкөнбү? Туке, биз сизден сурай турган суроолорбуз көп, үн катыңыз?

— Турсунбек мырза, эл арасында: «Акыйкатчы кызматын аркалаган Турсунбек Акундун жасаган кызматы үчүн Батукаев ошол кезде 200 миң доллар берген экен, кашайып анын баары кийин жасалма болуп чыгыптыр. Турсунбек аны көргөндөн кийин жер чапчып ыйлаптыр» деген сөздөр айтылып жатат, бул чынбы? Күч органдарын жетектеп турган таасирдүү адам Батукаев боюнча суранган дегенсиз. Аттарын атап койбойсузбу, жетиштүү далилдер менен…

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: