Menu

Атактуу гимнаст, дүйнө жана олимпиада чемпиону Алина Кабаева эгиз наристелүү болду

Бөлүшүү:

Орусиялык атактуу гимнаст, көркөм гимнастика боюнча 2000-жылкы Сидней олимпиадасынын коло байге жана  2004-жылкы Афины Олимпиадасынын алтын медаль ээси, дүйнөнүн эки жолку, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону,Орусияга Эмгек сиңирген спорт чебери, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Алина Маратовна Кабаева эгиз наристелүү болду. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары дүңгүрөтө жазып чыгышты. Dom2Life.ru сайтынын маалыматына караганда Алина 7-майда Москвадагы В.И. Кулаков атындагы акушердик жана гинекология борборунда эртең мененки саат
10до көз жарып, эгиз уул төрөгөн.

Маалыматка ылайык бул борбордон Алинага 4-кабаттан атайын VIP-палата бөлүнүп берилип, калган бейтаптар башка кабаттарга көчүрүлгөн. Ал жаткан 4- кабатты жан сакчылар тыкыр кайтарууга алышып, көзөмөл күчөтүлгөн. Учурда эгиз наристелердин аттары, салмагы жана бойлору, атасы ким экени тууралуу маалыматтар расмий айтыла элек.

Спорттук ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин 36 жаштагы Алина Кабаева коомдук иштерге активдүү катышып, 2014-жылдан бери «Национальная Медиа Группа» холдинг мекемесинин директорлор кеңешинин төрайымы, 2016-жылдан бери «Спорт-Экспресс” жабык акционердик коомунун директорлор кеңешин жетектейт. Спорттогу ийгиликтери “Достук” жана “Ата-мекенге сиңирген эмгеги үчүн” ордендер менен бааланган.

Алина Өзбекстандын Ташкент шаарында төрөлгөн. Атасы Марат футбол боюнча СССР спорт чебери болуп, Өзбекстандын “Пахтакор” , Казакстандын “Трактор” командаларында ойногон. Айрым маалымат булактарында атасынын улуту татар деп жазылган менен түпкү теги кыргыз деген маалыматтар да айтылып жүрөт. Апасы Любовь Михайловнанын улуту орус. Ал дагы учурунда баскетбол боюнча Өзбекстандын тандалма командасынын катарында ойногон. Алинанын сиңдиси Лисана да жаш кезинде фехтования, көркөм гимнастика менен машыккан. Учурда мейманкана бизнеси менен алектенет.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: