Menu

КРнын делегациясы КЭР Цзинань шаарында Кытай – Борбордук Азия IV кызматташуу форумуна катышты

Бөлүшүү:

Υстүбүздөгү жылдын 13-майында Кытайдын Шаньдун провинциясынын борбору Цзинань шаарында КРнын ϴкмөтүнүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баш болгон Нарын областынын делегациясы жана КР КЭРдагы Элчилигинин өкүлдөрү катышкан Кытай – Борбордук Азия IV кызматташуу форуму болуп өттү. Иш-чаранын учурунда башка делегациялардын башчылары менен эки тараптык аймактык кызматташуу маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуулар болуп өттү. Форумдун ишине
Кытайдын провинцияларынын, Казакстандын, ϴзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Армениянын, Беларусдун, Молдованын, Россиянын мамлекеттик органдарынын, коомдук уюмдардын жана ММКдардын өкүлдөрү жана ШКУ Катчылыгынын өкүлдөрү катышышты. КР Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгын аткаруу максатында КРнын КЭРдэги Элчилигинин колдоосунда Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Нарын облусу менен Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясы ортосундагы боордош мамилелерди түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: