Menu

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Ошо кездеги вице-премьер, башпрокурор, ИИМ жана УКМК башчысы камалышы керек”

Бөлүшүү:

– Батукаевдин бошотулушу дагы кимдерге кылмыш ишин козготуп, камакка алдырышы мүмкүн?

– Менимче бул иш боюнча өкмөттөгү күч стурктураларын көзмөл кылган вице-премьер министрди, Ички иштер министрин, Башкы прокурор жана УКМКнын башчысын камаганга туура келет. Окуя ушуларды жоопко тартуу менен өнүгүшү мүмкүн. Укук коргоо органдарынын жетекчилери жана коопсуздук кеңешинин башчылары ошондой эле өкмөт карап туруп, чара көрбөгөнү үчүн юридикалык жактан да, саясий жактан да жоопкерчиликке тартылышы керек.

Анткени, бул жерде юридикалык жактан да, саясий жактан да аябай чоң проблемалар бар. Себеби, мурдагы чечүүчү кызматтагылардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө кызматтан кеткен. Ошон үчүн Батукаевдин чыгышына саясий жактан кызыкчылыгы болгон же аралашкан адамдардын баарын кандайдыр бир деңгээлде жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок, убакыт өткөндөн кийин артка кайрылып, кылмыш ишин козгогон анча деле маанилүү болбой калат. Анткени, биз маанилүү резонанстуу кылмыш иштерди убагында чара көргөнгө, токтотконго аракет кылышыбыз керек болчу. Убакыт өткөндөн кийин ал ишке кайрылганда мурдагыдай маанилүү болбой, мурдагыдай актуалдуулугу жоголот.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: