“Маалымат каражаттарында чоң чуулгандуу “Альфа-Телеком” тууралу сөз жүрүп жатат. “Мегакомдон” Кыргызтелекомдун жаңы эле түзүлүп жаткан “КТ-Мобайл” уюлдук компаниясы 345 млн сом алып, эч иш жок, бирок килейген суммадагы айлыктарды алып жеп олтурушканы коомчулукка жарыяланды”, – деп билдирди бүгүн, 15-майда депутат Жанар Акаев парламенттин кезектеги отурумунда.
“Биз дагы бул окуяга реакция кылып, комиссия түзүшүбүз керек. Эмне үчүн мамлекеттик ишкана дагы бир мамлекеттик ишканадан жөн эле жерден 345 млн сом алыш керек? Ошондуктан биз депутаттык комиссия түзүп, бул компаниянын артында кимдер турат текшеришибиз керек. Биздин угушубузга караганда өкмөт башчынын жакын туугандары, бажалары, алардын балдары деген маалымат чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек. Менимче буга да өзүнчө бир депутаттык комиссия түзуш керек”, – деди Жанар Акаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ