Menu

Ташкентте жолдо бараткан аялды сүзүп кеткен милициянын подполковниги кызматынан четтетилген жок

Бөлүшүү:

6-апрелде Ташкент районунда жолдо бараткан аялды өлтүрө сүзүп кеткен милициянын подполковниги май айынын башында кайра жумушка кайтып келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматынын ички иштер органдарындагы өз булактары билдириди.

38 жаштагы Умид Курбановдун катышуусундагы жол кырсыгынан бир аял катуу жаракат алып, ооруканада көз жумган.

8-апрелде Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Бирок Ташкенттин ички иштер башкы башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери Умид Курбанов мурдагыдай эле башкармалыктын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн жетектеп жатканын билдирди. Бул маалыматты дагы бир тартип сакчы тастыктады.

2018-жылы Умид Курбанов Ташкент ички иштер башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Милициядагы өз булактардын кабарлашынча, ал Ташкент шаарынын ички иштер башкармалыгынын биринчи орун басары Улугбек Турсуновдун жакын адамдарынын бири. Улугбек Турсунов президент Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновдун агасы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: