Menu

Видео – Рита Карасартова: “УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов Шаикова менен Догоевди ресторанга чакырып, бир компанияны сүрөмөлөгөнү – бул кылмыш”

Бөлүшүү:

Рита айым, УКМК КР Мамкаттоо кызматынын үч жетекчиси Сарыбаевди, Бакчиевди жана Абдуллаевди камакка алганда сиз тергөөнүн жыйынтыктарын күтпөй эле аларды күнөөсүз деп коргоп кирдиңиз эле. Анан Дастан Догоевди суракка ала башташканда да коргоого алдыңыз, эмне үчүн аларды күнөөсүз деп эсептейсиз?
-Ооба менден муну көп сурашууда, тергөө аяктабай жатып эле эмне чаңын чыгарып жатасын депчи. Мен көп нерсеге салыштыруу менен карайм да. Буга чейин бир топ ири тендерлер, малекеттик сатып алуулар тендерсиз өтүп, эч кандай атаандаштыгы жок эле белгисиз бир компаниялар алып кетип жаткан. Ал эми бул иште тендер өтүп, ал тендерге Германия, Франция, Латвия сыяктуу экономикалык көрсөткүчтөрү жакшы мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан. Анан өтпөй калган үчүнчү компаниянын эң арзан берген баасына таянып, мамлекетке мынча зыян алып келди деп эсептеп, биздин IT адистерди камап жатканы мага эң чоң көрсөткүч болду. Себеби камалган 3 жетекчинин бирөөсү гана – Сарыбаев ошол тендердик комиссиянын чоңу болгон. Ал эми экинчиси – Абдуллаев коррупциялык кылмыш жасай турган кызмат орунун ээлеген эмес. Коррупциялык кылмыштын субъектиси болуу мүмкүнчүлүгү да жок. Аны болсо тигилер менен сүйлөшүп алгансын деп эле байлап жатышат да. Үчүнчүсү – Бакчиев дагы статс-катчы болуп кат жазышууларга эле аралашпаса, тендердик комиссияга тиешеси жок. Мына ушул фактылар көп суроолорду жаратты. Биздин министрликтер тендерсиз эле ири суммадагы сатып-алууларды жүргүзүп жатса унчукпай, көз жумуп коёт. Бул жерде болсо тескерисинче баары мыйзамдуу болуп жатат. Мен эмне үчүн дароо эле камалгандарды коргоого чыкканымдын биринчи себеби – бул иш боюнча жыйырмадай кишинин үйүн тинтишкени, алардын баарын суракка чакырып 10-20 сааттан жөн эле кармап жатышканы мен үчүн аябай таңгалычтуу болду. УКМКга эрте менен алып келишип, эртеден кечке суу бербей кармап, кечинде коё беришип, эртеси кайра ошентип жатышканы өтө опурталдуу эле. Ошондо мен бул атайын уюштурулуп жаткан нерсеби деп шекший баштадым.
-Коомчулук бийликтен коррупция менен күрөшүүнү талап кылат. Бирок өзүбүздүн тааныш-билиштерди коррупцияга шекшип камаганда биз аларга адвокат болуп алабыз. Жат кишилерди камаганда аларга прокурор болуп оор жазалоону талап кылабыз. Сиз да ошентип жаткан жоксузбу?
-Жок, мен буларды иштери боюнча гана тааныйм. Анткени мындай мамлекеттик деңгээлдеги IT адистер Кыргызстанда саналуу гана. 2011-жылы ошол Абдуллаев менен Догоевдердин командасы Каржы министрлигиндеги эң чоң, ири платформаны түзүшкөн. Ошонун аркасы менен ар бир айыл өкмөтү өзүнүн маалыматын алып турушат. Биз алып турабыз бюджет каякка кеткен деп. Кийин 2015-2016-жылдары Калктын бирдиктүү реестри деген программаны да ушулар жасап, шайлоого даярдаган. Мен ушундай иштери менен гана тааныйм, ал эми өздөрү менен жеке тааныштыгым жок.
-Догоевди эмнеге айыптап жатышат?
-Догоевди деле ушул ишке байлашып, паспорт маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө аралашкан деп… Силер чет өлкөлөргө барып, тендерде жеңип чыккан компаниялар менен сүйлөшкөнсүңөр деп жатышат… Мындай жолугушуулар законченемдүү эле. Кечээ деле маалымат чыкпадыбы, 2018-жылы декабрда УКМКны төрагасы Идирис Кадыркулов бир компанияга “Кыргызстанга келгиле, паспорт чыгара турган фабрика курабыз” деп чакырып, ошол эле Шаикова менен Догоевди ресторанга чакыртып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн экен. Шаикова менен Догоев “биздин мыйзамдар буга жол бербейт” деп баш тартышкан. Мына, жарым жыл мурун болгон окуя. Анда Идирис Кадыркулов УКМКнын төрагасы болуп калган. Мамлекеттик кызматкер бир компанияны минтип сүрөмөлөп түрткөнү – бул Коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзамдын 14-беренесине каршы келет. Коррупцияга каршы күрөшө турган органдын жетекчиси башка бир мамлекеттик мекеменин жетекчилерин чакырып алып, “мына ушул компания менен иштебейсиңерби” дегени – бул кылмыш”, – деди Рита Карасартова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: