Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 16-майда, Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында, 16-майда, Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.
17-майда Мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ