Menu

Газа сектору менен Израилдин чек арасында 50 палестиналык жаракат алды

Бөлүшүү:

Израиль мамлекетинин негизделгендигинин 71 жылдыгына байланыштуу өткөн нааразылык акциялар маалында Израиль менен Газа секторунун чек арасында 50гө жакын палестиналык жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Израилдин Коргонуу армиясы нааразылык акцияларга 10 миңге жакын киши катышып жатканын билдирди.

«15-майда демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, израиль аскерлерин көздөй таштарды ыргытышкан. Күбөлөрдүн айтымдарында, аскерлер жооп катары согуштук жана желим октор менен атып, көздөн жаш агызчу газдарды колдонушту. Израиль анын бул операциясы коргонуу мүнөзүнө ээ экенин билдирүүдө», — деп жазды Reuters.

Мындан тышкары палестиналыктар Батыш жээкте дагы бир нече нааразылык акцияларын өткөргөнү кабарланууда. Ал аймакта израиль аскерлери менен олуттуу кагылышуулар болгондугу тууралуу маалыматтар жок.

Палестин автономиясынын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын жаракаттары тууралуу так маалымат тарата элек.

Израиль менен Палестина автономиясынын ортосундагы жаңжал быйыл майдын башында кайрадан курчуган. Анда палестин көзгө атары эки израиль аскерин жарадар кылган. Жооп катары израиль аба күчтөрү ХАМАСтын позицияларына чабуул жасап, эки палестиналык каза болгон. Андан соң Газа секторунан Израилди көздөй жүздөгөн ракета учурулуп, төрт израилдик мерт болуп, ондогон киши жаракат алган. Израилдин соккуларынын жыйынтыгында 20га жакын палестиналык мерт болгон. Алардын арасында аскерлештирилген топтордун мүчөлөрү менен катар жай тургундар дагы болгон. Жалпысынан соккулар ХАМАС жана «Ислам жихады» топторунун 300дөн ашык объектисине жасалган.

1948-жылы май айында айрым араб өлкөлөрү Израиль мамлекетинин түзүлгөндүгү тууралуу БУУнун чечими менен макул болбой, израиль куралдуу күчтөрүнө каршы аскердик операцияларды башташкан. Израиль чабуулдун мизин кайтарып, араб аймактарынын бир бөлүгүн басып алган. Аскердик аракеттердин жүрүшүндө араб калкы Израилдин карамагына өткөн аймактардан массалык түрдө чыгып кете баштаган. Түрдүү маалыматтар боюнча палестин качкындарынын саны 600 миңге чейин жеткен. Кийин бул окуялар араб дүйнөсүндө Накба деген аталышка ээ болгон. 1949-жылы согуш аяктагандан кийин 800 миңден ашык еврей араб өлкөлөрүнөн Израилге жана башка өлкөлөргө качкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: