Menu

УКМКга эң татыктуу жетекчи – Өмүрбек Суваналиев!

Бөлүшүү:

Мурдагы режимдин убагында Абдил Сегизбаев УКМКны башкарып, кыйла саясый куугунтуктарды жасап, системанын аброюна «сийип» кеткен. Контрабаданы көзөмөлдөгөнү, мыйзамсыз баюуга шектелгени жалганбы? Андан соң «чала чекист» Идрис Кадыркулов келип, УКМКны эптей албай, аягында көрдүңөр, тендер чатагына аралашып, уят болуу менен кызматынан алынды. Эми бошогон орунга кандай фигура келиши керек? Биздин баамыбызда, эл астында кадыры бар, таза жана ишке профессионал, салмактуу кадрдын УКМК төрагасына дайындалышы мезгилдин талабы. Мындай жетекчи бар, ал – генерал Өмүрбек Суваналиев! Буга чейин жаш балдар УКМКнын эл астындагы кадырын кетирип бүтүшсө, бу саам алтымышка чукулдап калган каарманыбыздын келиши менен абал өзгөрүп, алдыга кадам таштоого негиз түзүлөт. Убагында Ош КГБсын да башкарган. ИИМ орун басары, министр, ж.б. Күч түзүмдөрүндө «Комиссар Каттани» бай тажрыйбага ээ. Бул жагынан коомчулукка тааныштыруунун деле кажети жок, тек гана УКМК жетекчилигине дайындалса, эл да бийликтин саясатын бааламак.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: