Menu

АКШ Ирактагы элчилик кызматкерлерин чыгарып кетүүдө

Бөлүшүү:

АКШ Ирандын акыркы аракеттеринен улам коопсуздук максатында Багдаддагы элчилигинин кызматкерлеринин көбүн чыгарып кетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Вашингтон Багдаддагы дипмиссиянын жумушчуларынан тышкары Ирандын түндүгүндө жайгашкан Эрбил шаарындагы консулдук кызматкерлеринин көбүн чакыртып алды. Азырынча жалпысынан канча америкалыктын мекенине кайтарылганы тууралуу так маалымат жок.

Тегеран АКШнын бул чечимин «психологиялык согуштун» ыкмасы деп атап, Иран тараптан эч кандай аскердик коркунуч жок экенин билдирди. Шейшембиде Ирактын премьер-министри Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууга карабастан, «бардыгы жакшы аяктайт» деген пикирин билдирген.

Апта башында Перс булуңуна АКШнын Деңиз-аскер күчтөрүнө таандык кемелер жөнөтүлгөнү кабарланган.

Ал ортодо Германия менен Нидерланд аймактагы чыңалган абалга байланыштуу машыгууларын токтото туруу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Бундесвер жана Нидерланд куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө жазылган.

Аймактагы бул жолку чыңалуу Тегеранга каршы киргизилген америкалык санкциялар калыбына келтирилип жаткан маалда курчуп жатат. Өткөн жумада Тегеран Вашингтондун бул аракеттерине жооп катары 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишимде каралган милдеттенмелеринин бир бөлүгүн аткарууну токтотконун жарыялаган. Былтыр бул келишимден АКШ чыгып кеткен. Анда Евробиримдик тараптарды өзөктүк келишимди сактап калууга чакырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: