Menu

Видео – Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев телефон менен сүйлөшкөндүгү үчүн депутаттардан эки жолу эскертүү алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-майда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда депутат Марлен Маматалиев Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видеокамеранын жанынан жүз метр ары МАИ кызматкерлери туруп алып автоунааларды токтотуп жатканын билдирди. Бирок бул туура эмес, бул долбоордун максатына каршы келет, андан көрө инспекторлордун санын кыскартыш керек деди.
Бул учурда КР Өкмөтүнүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев депутаттын сунуштарын өкмөткө жеткирүү үчүн көңүл коюп угуп, жазып олтуруунун ордуна телефон менен сүйлөшүп олтургандыктан депутат Марлен Маматалиев эскертүү берди.
“Сизге бүгүн экинчи жолу эскертүү берилип жатат”, – деп кошумчалады вице-спикер Аида Касымалиева.
Ага чейин өкмөттүн өкүлү телефон менен сүйлөшкөндүгү үчүн депутат Камчыбек Жолдошбаевден да эскертүү алган эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: