Menu

Тар джинсы шымдар тукумсуздукка алып келеби?

Бөлүшүү:

Джинсы шымдар сатылышы боюнча алдыңкы орунда турат. Муну менен өндүрүүчүлөргө көп пайда алып келет. Бирок аларга пайда алып келген джинсылардын адамдар үчүн зыяны да бир топ. А сиз алар тууралуу билесизби?!

Мындай шымдарды айымдар да, мырзалар да, улуусу да, кичүүсү да кийип атактуулугун арттырууга салым кошуп жатабыз. Тар джинсылар мода дүйнөсүндө алдыңкы тренд катары эсептелинет. Бирок доктурлардын айтымында бул “модалуу” шымдар саламаттыкка олуттуу зыянын тийгизет, такай кийип жүрүүнү сунушташпайт. Зыяндуулугун тизмектеп көрөлү:

Алардын эң биринчи залакасы- тардыгы. Британиянын медицина кызматкерлери изилдешип, жыйынтыгында, көп убакыт бою тар джинсы кийип жүрүү “парестезия” дартына чалдыктырат дешкен. Парестезия- сезгичтиктин бузулушу.

Ар дайым кысылып жүргөн денеден ыңгайсыздык жаралып, теридеги нервтер сыгылат. Аба толук өтпөгөндөн улам буттар шишип да кетиши мүмкүн. Бел, бөйрөк оорулары мындай шымдардын бедели десек болот. Булардан сырткары осанка, түз басуу, денени формасы да ошого жараша өзгөрөт дешкен. Доктурлардын бул пикирине 24 жаштагы Жылдыз мындай жооп айтат:

“Мода болгон үчүн мен да тар джинсы көп кийем. Шымды чечкенден кийин жеңилдеп калам. Анан буттарым кызарып, кычышып ыңгайсыздык жаратат. Буттарымдын шишигенин байкабайм”-дейт. Бирок Жылдыз өзү үчүн сулуулук ден-соолуктан да өйдө турарын жашырган жок. Джинсынын дагы бир “минусу”- кышкысын суук тартат, белинин кыскалыгы да жаштар үчүн зыян делип келет. Өзгөчө кыздар үчүн кыштын күнү буттар, ичтен ылдый муздакта болушу жыныстык органдарга суук тийип, ар кандай ооруларга алып келет. Аларда кан айлануу бузулуп, “кандын уюшу” пайда болот. Ошондуктан бул жерде жумуртка клеткалары алсыздайт да тукумсуздукка жеткирет. Гинекологдун айтымында: тар джинсы аялдарда оозул (молочница) оорусун пайда кылат. Шым абаны жакшы өткөрбөгөндүктөн оозул козголуп, “саndidа” бактериясынын көбөйүшүнө жардамчы болот. Статистика боюнча Кыргызстанда жылына 15тен көп аял жапа чегет.

Мырзалар үчүн да зыяны ушундай эле жыйынтыкка алып келет. Жадакалса бул шымдарды эркектер үчүн “жылуу кострация” деп атап келишет. Себеби эркектерде спермотогенез процесси уруктуктун дененин температурасынан төмөн болгондо гана жүрөт. Ал эми тар шым жумуртканын температурасын жогору кармайт.

Сатыкка чыккан тар джинсылар ар түрдүү түстө боёлот. Учурда каалаган өңүн сатып алсак болот. Бирок алардын ден-соолукка зыяны бар экенин көпчүлүгү билбесе керек. Эгер арзан баада болсо жасалма. Анда фенол химиялык кошулмалары бар. Фенол денени күйгүзүп жиберүүсү ыктымал. Бул уулуу зат нерв системасын, дем алууну, кан айланууну бузат. Көздү жана терини жабыркатат. Мындан улам доктурлар арзан джинсыны албоого чакырат. Эгер сиз сапаттуу шым алдым десеңиз бир саамга токтой туруңуз, ал шымда фенол жок деп айтууга кепилдик жок. Анткени айрым амалкөй сатуучулар товарды узакка сактоо үчүн бул химикатты колдонушат. Себеби фенол көгөрүп кетүүдөн сактайт. Ошондуктан адистер джинсыны фирмалык дүкөндөрдөн алууну сунушташат.

Суукта да сулуулукту ойлоп бели кыска шым кийгендер биринчиден ден-соолугун курмандык кылып жатышса, экинчидер келбетин да бузуп алышат. Кантип? Суук мезгилде бели кыска кийгенде, белдин ачык калган жери муздап турат. Организм үшүп турган денени май менен коргоого өтөт. Ошентип белде ашыкча майлар топтолот.

Ошондой эле дайыма бели тар джинсыны көп кийүү белди кысат да, целлюлит пайда болот. Башкача айтканда “сүйүктүү” шымдын кесепетинен кийин көйнөк же юбка кийгенде бөйрөк тушуна май топтолуп, капталдар салаңдап калат. Студент Аманкулова Нургуль ушундай жагдайга туш болгону менен бөлүшөт: “Мен азыр 22 жаштамын. Джинсыны 8-9 жашыман бери дайыма кийем. Гардеробумда дээрлик ошондой шым десем болот. Жаштардын көбү кийгенден болсо керек, менда бул шымдан эч баш тартчу эмесмин. Акыркы күндөрү белимде майлар пайда боло баштады. Тар кийим кийгенде өзүмдү ыңгайсыз сезе баштадым”.

Акушер-гинекологдор да тар шымды кийбөөнү айтып келишет. Анын себеби тар шым жамбаш сөөктү кысат да төрөт учурунда эне эле эмес, наристе да кыйналып калат деп түшүндүрүшөт. Белгилей кетчү нерсе джинсы материал өзү зыян эмес, андагы фетон зыян. Сунуштар: Тар шымды такай кийбеңиз, арзан жасалма шымды алуудан баш тартыңыз.

Сеил Дубанаев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: