Menu

Бандиттер, кумарканалар былгып кетти

Бөлүшүү:

Негедир беткап кийген бандиттер бир эле Бишкекте эмес бардык аймактарда былгып кетти. Түндө дүкөндөргө кирип, кассадагы акчаны оңой эле шыпырып кетсе, чак түштө үйлөргө баш багып тополоң салып, колуна тийгендерди олжолоп кетип жатышканы элди кооптондуруп койду. Ал эми милисалар болсо
башын шылкыйтып, митингге чыккандарды кайтарып калышканы ого бетер кыжырды келтирет.

Өткөндө эле белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун үйүнө кирген бандиттер апасын, ырчынын карындашын коркутушуп, 60 миң долларга кесепетин тийгизишти. Бул тоноочулукка балким акчасы барын билгендер себепкер болгондур? Айтор, айылда мал уурулар арбыса, шаарда беткап кийген бандиттер элдин азабын берген кези. Илгеркидей мыкты оперлер жок экендигине капалангандар толтура. Шүмшүктөрдүн сары изине чөп салып, узатпай кармап, жазасын берген күч түзүмүнүн кызматкерлери деги качан талапка шайкеш аракет кылышаар экен? Баса, Ошто көмүскө иштеген кумарканадан жабыркагандар ачык байкалды. Бул “майлуу” жерди да милисалар билмексенге салганы ого бетер калктын ачуусун келтирип жатат. Мыйзам иштебеген мамлекетте ушинтип тескери учкан жагалмайлар көбөйүп, жөнөкөй жарандардын терисин сыйрыганы албетте, жакшы жышаан эместир? Деги эмне болуп баратабыз, кокуйгүн!

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: