Menu

Асланбек Сартбаев, журналист: “Райым Матраимовго интеллигенция каймактары ынана баштады…”

Бөлүшүү:

Райым байкеге…

Удургуган эбегейсиз бороонго,

Балким бербейт, сиз бересиз туруштук.

Таңды күтүп, келсек дагы акырын,

Райым байке, сиз болосуз кепилдик.

Долуланып АША онтоп улуду,

Дайра согуп, жел да саамга тыныды.

Бирок аны эч ким ээрчип акпады,

Сизге карай толкун уруп жылыды.

Дагы сүрдүү дайранын шоокумдары,

Балким кесе катаалдана урса дагы.

Мен келемин шамалдын мизин кармайм,

Райым байке, бек турамын өзүм дагы…

Дал ушундай саптарымды тизмектедим… Берегидей эмоция менен Фейсбук баракчама 5 мүнөттө ыр жазып, жүктөп койгом. Себеби, Райым Матраимовго атака күчөп аткан. Фейктер шыбап атышкан. Аныгында, чын пейилден, таза ниетте жазган элем… Анан эле балээге калыптырмын. «Кошоматчы», «жамакчы» деген сынчы сөрөйлөр көбөйдү. Бегалы байкем акын катары таанып, бирок, кичине шакабалап чыгарды. Нургазы «досум» болсо, фейктердин комменттерин кошо уруп, ого бетер арамзалана гезитине шыбады. Бул анын итиркей табияты окшойт. («Ахматтын заказы» дешти.) Мен арданбайм! Сабыр Муканбетов (Карышкыр) «ой, сен Пушкин турбайсыңбы?» деп тамашага чалды. Ошол эле сөздү сүйлөшүп алышкансып, Иманкадыр Рысалиев да мактоого алды… А эң башкысы, балким мен үйрөнчүк акын болушум мүмкүн, бирок, ак пейил, эл үчүн кызмат кылган Райым Матраимов боюнча чын жүрөктөн чыккан саптарымды арнадым. Бул жигиттик сапат. Анан калса, баардык эле эр азаматтын көкүрөгүнөн ыр саптары куюлуп түшпөйт да. Натыйжада, калемдин ыргагы боюнча эл тараза болсун!

Ал эми Райым Матраимов боюнча да соңку билдирүүмө кезек берейин. Дал ушул ыйык орозо айында ал ымандай сырын төгүп, буга чейин караланып келгенин ачыкка чыгарып, өз чындыгын видео кайрылуу катары билдирсе, коомчулук кабыл алып, угуп, өз баасын берет да. Менин баамым боюнча, көпчүлүк катмар Райым мырзанын айткандарына топук кылышып, туура кабыл алышты. Атургай кечээ легендарлуу Аскар Акаевдин шопуру («чала генерал» Болот Сүйүмбаевдин өкүл атасы), кадимки Рысбек байке офиске келип, «Райымды Эркиндик бульварындагы интеллигенциянын каймактары мактап атышат, чындык үчүн күйгөн жигит тура, жөн эле айыпталып жүрүптүр» деген сөздөрүн бир ооздон айтышканын саймедиреп отурду. Арабызда Кара-Суунун кулуну, милициянын полковниги Талант Аттокуров да бар болчу. Мына, чындык ушундай эл арасындагы жүргөн адамдардан чыгат тура.

Кыскасы, акыйкат сөз акыры айтылат. Туура сөздү эл кабыл алып, тыянагын чыгарат. Буюрса, Райым Матраимов боюнча адилеттүү кептер али алдыда. Азырынча Алмазбек Атамбаев жооп кайтара албай, кичине артка чегингендей болду. Жыйынтыгында, бара көрөлү. Ар дайым калыс, ынанымдуу пикир айтылып турса, коом да адашпайт. Эмесе, биз ошол жагынан жарчы болууга салымыбызды кошо беребиз.

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: