Menu

Видео – Төрөбай Колубаев: “Зонада Дүйшөн Чотонов “каралар” менен отурат, алар Дүйшөн Чотоновду колдоп койбогону үчүн Текебаевге нааразы”

Бөлүшүү:

“27-колонияда Бектур Асанов, Кубан Кадыров, мен, Дүйшөн Чотонов болуп олтурдук. Чотонов жөн эле айыпсыз олтурат ал киши. Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке салам дуба айтат элем Дүйшөн Чотонов боюнча”, – деп билдирди бүгүн, 16-майда абактан бошонгон “Элдик парламенттин” мүчөсү Төрөбай Колубаев.

“Сиз чыкпасаңыз да “Дүйшөн Чотоновду чыгарып койгула” деп бир суранып койсоңуз жакшы болмок. Ошол жерде “каралары” да “кызылдары” да баары бата бермекпиз. Сиз өзүңүз эгоист болуп, Чотоновду унутуп койдуңуз. Ошол жагы туура эмес болуп калды. Негизи Дүйшөн Чотоновго салам-дубаңызды айтып, өзүңүз чыкпасаңыз да “Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен чыкпасам да Дүйшөн Чотоновду чыгарып койгула, жөн эле олтурат ушул жигит, деп койсоңуз чоң колдоо болмок. Ушул катаңызды сиз Өмүрбек Чиркешович мойнуңузга алып коюңуз. Бизге аябай катуу тийди, негизи эле Текебаев саясый туткундарды колдоп бир ооз жылуу сөз айтып койгон жок. Өзү абакка отурганга чейин да олтургандан кийин да айткан жок. Бизди жөн эле койсун, жок дегенде өзүнүн соратниги болгон Дүйшөн Чотоновду колдоп койсо болмок ошол жерде”, – деди Төрөбай Колубаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: