Бүгүн, 16-майда Алмаз Атамбаевдин жеке менчик “Апрель ТВ” телеканалы УКМКнын төрагалыгына болжолдуу талапкерлердин тизмесин жарыялады. Анда Сыргак Абдылдаев деген атамбаевчил журналисттин пикирине таянып, УКМКнын төрагалыгына N1-талапкер катары генерал Өмүрбек Суваналиевди аташкан.
“Суваналиевдин Атамбаевге жеке өчү бар. Ошондуктан УКМКнын башына бул күмөндүү генералды дайындоо бир тууган Жээнбековдор тарабынан логикалуу кадам болот. Анда Суваналиевде Атамбаевден өч алууга жана “форумдагылардын” айрымдарын камоого реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот. Бирок, мен Суваналиев кемакыл деп ойлобойм. Ал бир тууган Жээнбековдордун командасындагы өз оюнунун акыры эмне менен бүтөрүн алдын-ала көрө алат, ал болгону үй-бүлөлүк кландын арзан “торпедасы” экенин даана аңдайт, демек пайдаланып таштап коюшарын сопсонун түшүнөт”, – деп жазышат.
Мындай чалагайым пикирди телеканал аркылуу жайылтуу менен атамбаевчилер президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагалыгына генерал Суваналиевди чын эле дайындап койсо эмне болот деп нервдери ойноп, чочулап жатышканын билдирип коюшту
Мындай пикир менен эки тараптын бири-бирине ишенбөөчүлүгүн, шектенүүсүн күчөтүүнү каалашат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ