Menu

Азамат Арапбаев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Салыктан бошотуу да дотациянын бир түрүнө кирет…”

Бөлүшүү:

– Азамат Абдулажанович, айыл чарбасын салыктан бошотууну сунуштап жаткан экенсиздер. Бул сунуш жалпы айыл чарбасына тиешелүү болобу?

– Кечээ биз бодо малга сырттан кирген жемди өзүбүздүн өндүрүшчүлөр өндүргөндө, аларды салыктан бошотуу маселесин талкууладык. Аны депутаттар колдошту, эми палатага чыгат. Өзүңөргө белгилүү, бир топ өнүккөн мамлекеттерде айыл чарбасы бюджеттен дотацияланат. Өзгөчө мал чарба багыты. Бизде азырынча андай мүмкүнчүлүк жок, бирок, салыктан бошотуу да дотациянын бир түрүнө кирет. Ошондуктан, палатага чыкканда бул сунуш колдоого ээ болот го.

– Бирок, экономика министринин орун басары мындан бюджет 136 млн. сом зыян тартарын айтып атпайбы?

– Ал жөн эле оозеки айтылган сөз, эч кандай эсеби жок. Мындан эч ким зыян тартпайт. Ал «буудай киргенден» деп айтып атат. Бирок, буудайдын багыты бар да. Андан же ун чыгат, же жем чыгат. Биздин долбоордун ун чыгарганга эч тиешеси жок.

– Биздин өзүбүздүн дыйкандар корголбой калдыбы?

– Макул эмесмин. Кандайча корголбой калат? Корголот эле. Экономика министрлигинин өкүлү «бизде мал чарба багыты боюнча конкурент жок» дейт. Бул жаңылыш көз караш. Бизде атаандаштык аябай чоң. Кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан атаандаш. Президентибиздин чет элдик сапарларынын биринде Кытай тарап экологиялык жактан таза продукцияларга кызыгарын билдирди. Эгер биздин эт тармагы жакшы
өнүгүп, жалпы Кытай эмес, анын бир провинциясына эле жеткирип бере баштасак да чоң жеңиш болот эле.

– Буга чейин сырттан келген ун салыктан бошотулган эле. Бирок, ачыгын айтканда, ал жакшы натыйжа берген жок. Дагы ошондой болуп калбайбы?

– Андай болбойт. Азыр канаттуулар багыты боюнча бошотуу тууралуу сөз болуп жатат. Ал жерде беш миңдей адам алектенет экен. Биздин өлкөбүздүн жарандарынын 60 пайызы айылдарда турат (а балким, андан да көбүрөөктүр). Турмуш анчалык жакшы болбогонунан ички миграция күчөөдө. Ошол 60 пайыз жарандарыбыз дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Бул деген аябай чоң катмар. Биз ошолорго жардам берели да.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: