Menu

Тербишалиев “Кыялды” эмне кылар экен?

Бөлүшүү:

Жалаң кошоматчыларды майлуу кызматка коймойдун аягы кандай болуп бүтөрүн убагы келгенде көрөбүз. Бирок, анда кеч болуп каларын сезгенибиз менен колунда камчысы барлардын айтканы, билгени туура дебеске арга жок. Жарым жыл кыйшалаңдап колдоп койгондор эле бийликтин “шыпыргысына” айланып
баратканы кейитсе деле чыдоого туура келет.

Эми сөзүбүзбү чаргытпай түзүн эле айталычы. Маселен, Данияр Тербишалиев деген жигит качан жетекчи кызматта жүрүп, кайсыл убакта тажрыйба топтоду эле? Аны эч ким билбейт.

Антсе да анын “жупуну эмгегин” баалаган бийлик “Кыялга” желбегей чепкен жабышып жетекчи кылып алып келишти. Бирок, дарамети жугумдуу боло элек бул мырза кантип ири эмгек жамаатын ийге келтирет болду экен деген ийри суроо коюлуп жатканы ырас. Чамасы Сагынбектин жанында коштоп жүргөнү, учурдагы кырдаалдын “каарманы” болгону үчүн сый акыга ушул тармакты энчисине алды окшойт. Арийне, бул жердин чатагы көп эле, жаңы жетекчинин дарамети ишти ырбатпай жолго салууга жетер бекен? Мейли, иштесин, ага ичи тардыгыбыз жок, бирок алда канча иш билги башка бирөө келсе туура болмогун ич арада айтып жатышканы да чын. Эгерде эле ушул ишеничти актап берсе Тербишалиевдин зоболосу көтөрүлмөк…

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: