Menu

Ашхабадда кыймылсыз мүлккө болгон баа кескин төмөндөдү

Бөлүшүү:

Ашхабадда акыркы жылы кыймылсыз мүлккө болгон 30% чейин түшүп кетти.

Түркмөнстан борборунда 45 миң доллар турган эки бөлмөлүү батирлер 30-35 миң долларга чейин төмөндөдү.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, бул өлкөдөгү экономикалык каатчылык жана тышкы миграция агымынын көбөйүшү менен байланыштуу.

Бул арада кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жоболору татаалдаштырылды. “Сатуу-алуу же алмашууга байланышкан бардык операцияларды Юстиция министрлигинин алдындагы кызматка каттатуу милдеттендирилди. Бул кызматты чет өлкөгө чыгып кеткендер өтө көп болуп жаткандыктан, турак-жайларды сатууну кыйындатуу үчүн ачышты”, – деди кабарчысы.

Буга чейин Түркмөнстандан Орусияга кетүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарланган. Бир нече айдан бери Ашхабаддагы Орусия элчилигинин алдында бул өлкөгө бааруу үчүн документ тапшырган түркмөнстандыктардын узун кезеги пайда болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: