Menu

Феликс Марлести ушул убакка чейин камабаган күч түзүмдөрү аны качырдыбы?

Бөлүшүү:

Биздеги күч түзүмдөрдүн жалкоолугунун айынан далай жегичтер колго түшпөй, куйругун түйгөнүн көрүп жүрөбүз. Же булар алакан майламай оюну менен шарт түзүп берип жатабы, ким билсин. Жакында Чүй облусунун Москва райсотунун мурдагы төрагасы Феликс Марлес дагы салаасынан бармагын көрсөтүп, Кыргызстандан качып кетти. Ал кызмат адамына өзгөчө ири өлчөмдө пара бергени боюнча шектелип жатканда Президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Феликс Марлести судьялык кызматтан 2018-жылдын октябрында бошоткон экен. Жарым жылдан бери органдар эмне кылды? Соодалаштыбы? Өкүнгөнүбүз, атайын кызмат качан гана качкан маалда эсине келип, 4-майда Марлести издөөнү жарыялады. Бул соңку жарым жыл ичинде качып кеткен үчүнчү судья болду. Буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков, Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев куйругун түйүшкөн. Бул шалаакылык үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек да.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: