Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Региондорду өнүктүрүү – бул социалдык объектилерди гана куруу гана эмес, муктаждарга жардам берүү

Бөлүшүү:

“Региондорду өнүктүрүү – бул социалдык объектилерди гана куруп тим болбостон, калктын аярлуу катмары – колунда жокторго жана жетим-жесирлерге жардам берүү”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, социалдык колдоого муктаждарга мамлекет көңүл бурууда.

“Жөлөкпул былтыр 3000 сом болсо, аны 1000 сомго көбөйттүк. Мамлекет колдон келишинче кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге жардам берип жатат. Облус жетекчилери, акимдерге айтып жатам, жетим, муктаждарга жардам берүү – чоң соопчулук. Кээ бир аймактарда бул багытта демилгелер башталды.  Россия, Түркия, Германиядагы мекендештер менен жолугуштум. Баары тең “акимдер, айыл өкмөтү уюштурса –  биз жардамыбызды беребиз” дейт. “Көп түкүрсө – көл болот”. Ошондуктан колунда жокторго, кыйналып жаткандарга, жетим-жесирлерге жардам берүү маселесин айыл жерлеринде колго алышыбыз керек”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: