Menu

Алматы жашоочусу Инстаграмдагы билдирүүсү үчүн жоопкерчиликке тартылды

Бөлүшүү:

Алматыда Instagram социалдык түйүнүнө билдирүү жазган жаран кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

17-майда Шаардык полиция департаментинен кабарлашкандай, социалдык түйүн колдонуучусу тарабынан жарыяланган билдирүү соттук экспертизадан өткөрүлүп, этникалык топторду кемсинтүүнүн белгилери табылган. Шектүү кармалып, көрсөтмө берген.

Казакстан мыйзамдары боюнча социалдык, улуттук, расалык жана диний кастык козутууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Казакстанда “ушак” жана “атайлап жалган маалымат таратуу” үчүн дагы кылмыш жоопкерчилиги бар.

Укук коргоочулар Кылмыш кодексиндеги бул беренелер так жазылбаганын, көп учурда бийлик муну өзүнө каршы чыккандарга курал катары колдонуп келерин айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: