Menu

Эрктүүлүгү менен эл ишенимине ээ болгон президент жана кызматтан чегинген башкы чекист

Бөлүшүү:

Мамлекет башчынын жасаган кадамдарынын жыйынтыгында өлкөдө жаңы саясий маданият калыптана баштаганы байкалууда. Мунун бир фактысын Мамкаттоодогу талаштуу жагдайдан улам ишинен четтеген УКМК жетекчисинин жүрүшүнөн ачык көрсөк болот. Идрис Кадыркулов айрым кызматка тырышкандарды катарын толуктабай, чечкиндүү кадам жасады. УКМКнын жетекчисин ажо дайындаган соң ал жетекчиге байланышкан жаман, жакшы сөздөрдүн баары өлкө башчысына кандайдыр бир деңгээлде тиешелүү болуп келгени жашыруун эмес. Мындан улам Кадыркулов Президентти жаманатты кылбай, куру бекер көө жаппай, чечкиндүүлүк менен кетип калганынын коом жакшы кабыл алды. Бул чоң саясий маданият. Экинчиси, Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Алина Шаикова калп айттыбы, чын айттыбы, аны тергеө аныктайт. Канткен күндө дагы ал коркпостон өз пикирин билдирди. Демек, өлкөдө жаран пикирин ачык билдирүүгө шарт бар. Биздин коомдо мындай шарттын түзүлгөнү чоң жетишкендик.

Айтор, негизин айта турган болсок Президент коррупцияга каршы күрөштө «өзүмдүкү» же «жаттыкы» деп бөлбөй калыстык менен карай турганын көрсөттү. Дегенибиз, ушул жуманын башында кеңешчиси Дастан Догоев коррупция багытындагы иштер боюнча сурак берип чыкты. Мунун баары жаңы маданияттын түптөлүп жатканынан кабар берүүдө. Жумурай журттун ишеними артып, ажобуз: «мен эч кимди аябайм, кылмышы болсо жазалайм» деген сөздөрү сөз боюнча калбай иш менен айкалышып жатканы кубандырууда. Эл дагы колдоого алып, ишенич артып жатканы жашыруун эмес.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: