Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Кызыл-Омполдогу окуя жөн жерден саясатташып кетти“

Бөлүшүү:

“Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу – туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, эл кабатыр болгонун эске салып, уран казылбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Кызыл-Омполдогу окуя кен казуу тармагындагы башаламандыктын далили деди.

“Президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап кое баштадым. Лицензия берүүдө кадимки базардагыдай эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Азыр бул боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылы лицензия берүү тармагын кылдат анализдеп, инвентаризация кылуу сунушталган, мораторий жарыялаганбыз”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы учурда кум, шагыл, топурак казуу боюнча региондорго эң керектүү кендерге лицензия берилип жатканын, бирок чоң кендерге лицензия берүү токтотулганын айтты.

“Кыргызстандын кен байлыктары элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек. Биздин келечек таза экологияга байланышкан. Биз таза экологиялык азыктарыбыз менен дуйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Аны өндүрүү жана сыртка сатыкка чыгаруу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз.  Кыргызстандын экологиясын сөзсүз таза сактап калабыз», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: