Menu

Чырдуу иштерден бажалардын кулагы чыга баштады…

Бөлүшүү:

Коомчулукта “Кыргызтелеком” ишканасынын алдында түзүлгөн, азырынча ишке кире элек «КТ-Мобайл» мамлекеттик компаниясынын жетекчилери асман чапчыган айлык алышаары кызуу талкуу жаратты. Тактап айтканда, компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетовдун бир айлык маянасы 350 миң сом же 5 миң АКШ долларын түзөт. Ошондой эле анын орун басары Эрназар Рысалиевдин айлык маянасы 300 миң сом. Андан ары техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң сом, долбоордун башчысы Руслан Гайдаров 140 миң, роуминг боюнча жетекчи Раушан Белекова 85 миң сом айлык алып, тизме узарып кете берет. Кызыгы, “Кыргызтелекомдун” жетекчиси 30 миң сом айлык алат. Ал эми анын алдындагы “КТ-Мобайлдын” жетекчиси 5000$ айлык алат деген кайсы логикага сыят. Анын үстүнө “Кыргызтелеком” 107 миллион сом карызы бар, банкроттук абалдагы ишкана.

Бул 2018-жылы түзүлгөн «КТ-Мобайл» компаниясы мамлекеттик 2-уюлдук оператор болуп түзүлүп, байланыш рыногуна кирүүнү пландап жатат. «КТ-Мобайлдын» башкы директорунун орун басары Эрназар Рысалиев өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевдин бажасы, мурдагы министр Иманкадыр Рысалиевдин уулу экен. Кызыгы, коомдо чоң чуу жаралгандан соң, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бажасынын баласы орун басар болуп иштээрин билбестигин, анын иштен кетиши керектигин пресс кызматы аркылуу билдирген болду. Өз оозу менен айткандан жалтактады. Баарынан дагы билбей, туйбай калганы кызык…

Айткандай, коомчулуктагы чуудан кийин компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев олчойгон айлык тууралуу маалыматты четке кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында чөп башылап айткан болду. Бирок айлык маяна боюнча справка, штаттык расписание, премиялар боюнча ведомостту көрсөткөн жок. Компания түзүү боюнча акционерлердин жыйынынын чечими менен протоколу, компаниянын гендиректоруна кандай талаптар менен качан конкурс жарыялап, кадрлар кандай негизде тандалганы белгисиз бойдон калды.

Бул чыр Жогорку Кеңешке чейин жетти. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ишти баштабай туруп, өзүнө ири суммада айлык чегерген «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылып, бул маселеге көңүл буруп, компаниянын артында ким турганын, анын максатын иликтеп чыгышы керектигин демилгеледи. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков «Кыргызтелекомдогу» кыңыр иштерди айтып чыкканда эч ким көңүл бурбай койгонун белгилеп, өкмөттү «КТ Мобайл» жетекчилеринин айлык акысы боюнча маалыматка реакция кылган жок деп сындады. Аталган иш боюнча комиссия да түзүлдү. Эми кайсы чоңдун төбөсү сорок этет күтө туралы…

Коомчулуктагы сындан кийин премьердин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы Эрназар Рысалиев иштен кетти. Эми депутаттык комиссия Мукан Абулгазиевди алып түшөөрү айтылууда. Иманкадыр ошентип бажасы Мухаммедкалыйдын түбүнө жеткени калды. Айтмакчы, Абулгазиевдин дагы бир бажасы Эрнис Абакиров “Мегакомдо” аудитор болуп иштээри белгилүү болду.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: