Menu

Видео – Рита Карасартова: “Уран казууга лицензияны 2010-жылы алган компания Көк-Мойнок айылына акча берип жүргөн”

Бөлүшүү:

– Рита айым, сиз өткөндө Уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзамды талкуулоо боюнча коомдук угуу учурунда Ысык-Көлдүн уран чыккан Көк-Мойнок айылынан келген жарандарга “Биз силерге эбак эле эскертсек, силер “бизге булар комбайн алып берди” деп көңүл бурбай койдуңар” дедиңиз эле алар моюнга алып олтуруп калышты. Силер бул маселени мурунтан байкап, көзөмөлдөп келе жаткан белеңер?
– Негизи ар бир маселенин чыгып анан жетилип келе турган мезгили болот окшойт. Анткени эң башында лицензия эмнеге алынды деген маселеге көңүл деле бурган эмеспиз. Биз ал Көк-Мойнок айылына 400 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени боюнча чыр-чатактардан улам барганбыз. Ошондо айылдын бюджетин карап, уранга лицензия алган фирмадан айылдын бюджетине түшкөн акчаны көрүп, “эмнеге силер бул түшкөн акчаны шашып, бир айга жеткирбей эле комбайн сатып алгансыңар?” деп териштиргенбиз. 2014-жылы лицензия алып иштетпей кармап жүргөндөр үчүн ошол кен жайгашкан айыл аймагына акы төлөө киргизилген эле. Анан тиги уранга лицензия алган фирма лицензияны кармап жүргөнү үчүн айылга акы төлөсө алар комбайн алышыптыр. Биз “силер акчаны комбайндан башка зарыл керек нерселерге коротпойсуңарбы” деп айтканбыз. Анан окумуштуулар урандын зыяны тууралу маалыматтарды жарыялай баштаганда коркунучтуу экен деп билдик. Жергиликтүү жарандар да “ал жерде уран казылып, алып кетип жатышат, чалгындоо эмес” деп айта башташты. Ал эми уран казгандар биз уранды Кара-Балтага ташып кетебиз, Ысык-Көлгө калтырбайбыз деп актанып киришти. Бирок, Кыргызстан кичинекей мамлекет да, зыяны баарына тиет. Экинчиден, технологиясы мыкты өнүккөн Канада мамлекети казып жаткан Кумтөрдөн бизге канчалаган зыян тийип жатат, ал эми уран казабыз деген Россия мамлекети технологиядан артта калган…
-Россиялык компания урандын лицензиясын кармап тургандыгы үчүн Көк-Мойноктуктарга акча төлөп турганбы?
-Ооба, ал акча эми айылдын деңгээлинде көп акча, топтоп бир комбайнга жеткирип алдык деп жыргашкан. Мамлекеттин масштабында анча деле чоң акча эмес…
-Көк-Мойнок айылынын тургундары билишкен да бул жерде уранга лицензия кармап турушканын?
Уранга лицензия кармап турушканын билишкен, анан лицензия 2010-жылы алынганына байланыштуу анча көңүл бурушкан эмес…
-Биздин байкашыбызча Россиянын президенти Путин март айында Кыргызстанга расмий сапар менен келип, ошондо Кара-Балтадагы тоо-кен металлургиялык комбинаты менен россиялыктар келишимге кол койгондон кийин Атамбаевдик күчтөр саясый оюн уюштурушкан жокпу?
-Мен ойлойм, кайсы күчтөр көтөрсө деле…
Ал жагы талашсыз, бирок бул маселени саясый күчтөр көтөргөн жокпу сиздин оюңузча?
-Мен үчүн Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев – баары бир, мен балам үчүн, өзүм үчүн, элим үчүн чыктым. Саясат ойноп кетсе, жашоонун баары эле саясат болот экен…
Сиз азыр “мага Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев – баары бир” дедиңиз, ошол эле Кызыл-Омполдон уран казууга Акаев менен Бакиев учурунда лицензия берилбептир. Эң биринчи жолу 2010-жылы ноябрда Отунбаева учурунда уранга лицензия берилиптир, ал кезде Атамбаев да Отунбаевадан кийинки эле киши болчу. Андан кийин Атамбаевдин учурунда ал лицензия узартылып жүрүптүр, ушуга байланыштуу буга саясый-моралдык баа берилиши керекпи?
-Албетте берилиш керек. Анткени мындай чоң кендердин артында биздин эле аттуу-баштуу адамдардын аттары чыгып калат.Тигинин тууганы, жээни, кудасы болуп айтыла баштайт. Биз алардын атын атап жүрүшүбүз керек.

-Сиз азыр эле айтпадыңызбы, “ар бир кендин артынан биздин чоңдордун туугандары чыга калат” деп. Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча да Атамбаев өзүнүн “Апрель ТВ” телеканалы аркылуу “уранга лицензияны 2010-жылы 18-ноябрда Роза Отунбаева өзүнүн күйөө баласы Кененбаевге берген деп. Сиздер бул фактыга кандай баа бересиздер?

-Чын эле ал Отунбаеванын бир тууган сиңдисинин кызы болот экен. Күйөө баласы Бакиевдерге куда болгон. Бул үй-бүлө өздөрүн эко үй-бүлө катары таанытып жүргөн. Ошондуктан бул көз боёмочулуккка окшоп калды…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: