Menu

КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен ТР Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-майда Дүйшөмбү шаарында «Терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык жана регионалдык кызматташуу жана аны мыйзамсыз баңгизат сатуу жана уюшкан кылмыштуулук аркылуу каржылоо» аттуу жогорку деңгээлдеги Конференцияга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде, кыргыз-тажик мамлекеттик чекарасын делимитациялоо, ошондой эле регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана тышкы саясат мекемелеринин катышуусунда ушул жылы Бишкекте өтүүсү пландалган тышкы саясий иш-чаралар боюнча саат жебелерин салыштырышты.

Эки боордош элдин ортосундагы достукту жана жакынкы кошуналыкты бекемдөө үчүн Ч.Айдарбеков менен С.Мухриддин эки тараптуу мамилелерди жигердүү алдыга жылдырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: