Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ачык маалыматтар Өкмөттүн социалдык-экономикалык саясатын ийгиликтүү ишке ашырууну шарттайт

Бөлүшүү:

Ачык маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык саясатын ийгиликтүү ишке ашырууну шарттайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев DataCon Central Asia 2019 конференциясын ачып жатып билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн иш-чаранын алкагында талкууланып жаткан тема дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсүндө жана бүгүнкү адамзаттын көйгөйлүү маселелерин жеңүүдө абдан маанилүү.

«Глобалдуу маселелерди жана дүйнө коомчулугунун келечектүү туруктуу өнүгүүсүн чечүү үчүн экономикалык өсүүнүн заманбап жана натыйжалуу механизмдерин издөө керек. Мындай заманбап жана инновациялык куралдардын бири – жашообузга маалыматтык тутумдарды жана технологияларды киргизүү болуп саналат. Социалдык, экономикалык жана коомдук-саясий көз караштан алганда экономиканы трансформациялоо үчүн санариптик технологиялар сунуштаган мүмкүндүктөр түгөнгүс», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт «ачык маалыматтар» концепциясын ишке ашырууга бардык күчү менен көмөктөшөт, ал ийгиликтүү санариптик трансформация үчүн негизги пайдубалдардын бири.

«Ошол эле учурда белгилей кетсек, «ачык маалыматтар» концепциясы мыйзамда бекитилген, ал эми ачык маалыматтар инфратүзүмү – бул электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү. Ачык маалыматтар Өкмөттүн социалдык-экономикалык саясатын ийгиликтүү ишке ашырат жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү маалыматтарды ачуу процессин баштаган 12 пилоттук мамлекеттик орган аныкталган.

«Биздин милдет – бул сапаттуу мамлекеттик кызматтардын электрондук түрдө өлкөнүн алыскы аймактарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кыйналган дал ошол  карапайым жарандар оң өзгөрүүлөрдү сезүүгө тийиш. Алгачкы оң жыйынтыктар бар», – деди ал жана «ачык маалыматтар» концепциясы «Санарип Кыргызстан 2023» Стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырып баштоонун негизи болуп калганын кошумчалады.

Өкмөт башчынын айтымында, мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму ийгиликтүү киргизилип жатат. Тутумга бардык 52 мамлекеттик орган кошулган. Ошондой эле системага коммерциялык уюмдарды жана банктарды кошуу боюнча чоң иштер жүрүп жатат.

«Ачык маалыматтар» концепциясын ишке ашыруу – бул глобалдык долбоор, анын ийгилиги бардык кызыкдар тараптардын активдүү катышуусунан көз каранды. Биз эң башкысы – булмаалыматтык технологиялар дүйнөсү  экендигин, ал келечек дүйнө жана артка жол жок экендигин түшүнүүгө тийишпиз», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев ачык маалыматтардын ыңгайлуу экотутумун түзүүгө, ачык маалыматтарды колдонуу менен жогорку технологиялык программаларды биргелешип иштеп чыгууга, билим берүү программаларын ишке ашыруу аракеттерин бириктирүүгө активдүү катышууга чакырды.

«Биз жарандык сектор жана коомдук бирикмелер менен активдүү кызматташууга даярбыз. Мен өлкөбүздүн келечеги ишенимдүү колдо деп ишенем. Сиздер сыяктуу жогорку класстагы адистер учурда өз өлкөсүнө болуп көрбөгөндөй керек! Силер биздин улуттук долбоорлорду жигердүү илгерилетип, өлкөнү өнүктүрүүгө, адамдардын жашоосун жакшыртууга көмөк көрсөтүшүңөр керек», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: