Menu

ИИМ: Акылбек Мамасейитовдун кызматка дайындалышы боюнча өз пикирин билдирет

Бөлүшүү:

“АЗИЯ NEWS” газетасы 2019-жылдын апрель, май айларынын ичинде ИИМдин кадыр-баркына шек келтирген бир катар материалдарды жарыялады. Албетте, ИИМдин Басма сөз кызматы ар бир жарыяланган материалдар боюнча ИИМдин пикирин билдирип келди. Ошол эле убакта кандайдыр бир маселелер жаралса, аны чечүүнүн да жолдорун издеди.

Биринчиден, аталган макалалардын чыгышына жана андан ары өнүгүшүнө “АЗИЯ NEWS” газетасынын башкы редакторунун жакшы таанышы жана ал сунуш кылган Панфилов РИИБүнүн орун басары, Ж.Абиевдин Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматына дайындалбай калышына байланыштуу экендигин белгилейбиз. Чүй ОИИБнын Криминалдык милиция кызматы өзгөчө тажрыйбалуулукту талап кылат. Анткени аталган облустта криминалдык абалга үзгүлтүксүз көзөмөл кылуу жана ыкчам иш-аракеттерди да байма-бай жүргүзүүнүн деңгээли абдан жогору болушу керектиги каралып жана ошондой эле Ж.Абиевдин жетекчилик тажрыйбасы эске алынуу менен Чүй ОИИБнын Криминалдык милиция кызматына дайындалган эмес, бирок ал резервде турган болчу. Кептин баары, мына ушундан башталгандыгын, жана анын кадр дайындоо боюнча суранычы ишке ашпай калгандыктан улам, ИИМ тууралуу кескин сын-макалалар гезит беттеринен орун алып жаткандыгын белгилейбиз.

Экинчиден, ушул жылдын 16-майында милициянын полковниги А.Мамасеитовдун кызмат ордуна дайындалышы боюнча макала жарыялагандыгына байланыштуу ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы төмөндөгүлөрдү билдирет.

А. Мамасейитов ички иштер органдарындагы кызматын 1995-жылы баштаган жана бир катар катардагы жана жетекчилик курамдагы кызматтарды аркалаган. 2017-жылдын февраль айында Жалал-Абад ОИИБдин башчысы кызматына дайындалган.

2018-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКнын алтын өндүрүүчү фабрикасында катталган массалык башаламандыкка байланыштуу кызматтык текшерүү жүргөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында массалык башаламандыкка алып келген коомдук коопсуздук багыты боюнча иштерде кетирген кемчиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМ министри У.Исраиловдун 2018-жылдын 18 апрелиндеги буйругу менен А.Мамасеитовго карата “кызматына толук ылайыктуу эместигин эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланган жана 20-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын (Ош шаары) башчысы кызматына дайындалган. ИИМдин 28 апрелиндеги коллегиясынын чечими бул тартиптик жазаны жана кадрдык дайындоону кайра карап, мурдагы чечимдердин туура эмес болгондугуна байланыштуу жокко чыгарылып, ага карата Жалал-Абад ОИИБдин башчысы кызматынан бошотуу тартиптик жазасы колдонулган.

Өз кезегинде А. Мамасеитов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, жыйынтыгында анын арызы канааттандырылган. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 30-октябрындагы чечими менен биринчи инстанциядагы чечими өзгөрүүсүз калтырылган. Соттун чечиминин негизинде ал кайрадан кызматка алынды.

Тактап айтканда 2019-жылдын 13-майында ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын башчысынын орун басары, ал үчүнчү башкармалыктын башчысы кызмат ордуна дайындалган. Бул мурдагы кызматы Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын ордуна салыштырмалуу төмөндөтүү менен дайындалуу экендигин да белгилейбиз. Соттун чечимине ИИМ комментарий кылбайт жана анын талаптарын орундатууга тийиш. Ал эми М. Асанов 2018-жылдын 4-апрелиндеги кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен ээлеген ордунан Чүй ОИИБнын башчысынын орун басарлыгынан бошотулуп, кадрлар карамагына жиберилген. Учурда ал ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ага өкүлү болуп дайындалды, ал мурдагы ээлеген кызмат орду менен салыштырмалуу бир канча эле төмөндөтүү менен дайындалууга жатат.

Дагы бир жолу эске сала турган негизги маселе, жогоруда аты аталгандар ички иштер органдарынын катарынан биротоло кетпегендиктен ИИМ ар бир иштен бошогон кызматкерлерине мыйзам чегинде кызмат берүүгө милдеттүү. Ошол себептүү кадрдык саясатты ИИМ мыйзам чегинде гана жүргүзө тургандыгын баса белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: