Menu

Ашхабад: жума баяндарда президенттин душмандарына наалат айтылды

Бөлүшүү:

Ашхабадда имамдар жума намаздан кийинки баяндарда жарандарды өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовду сүйүүгө чакырып, Кудайдан ага ден соолук жана узак жашоо тилеп жатышат. Бул тууралуу жума намазга катышкан «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Жума намаздан кийин имам президентти мактай баштады. Ал биздин жетишкендиктерибиздин бардыгы мамлекет башчынын саясатынын аркасы менен болуп жатканын айтты. Андан соң пайгамбар сыяктуу мекенибизди жана президентти сүйүүгө чакырды», —деди кабарчы.

Анын айтымында, мындай чакырыктардан тышкары бул жолу президенттин душмандарына карата наалат дагы айтылды. «Имам Кудайдан президент Гурбангулы Бердымухамедовго ден соолук, узун өмүр тилеп, анын бардык душмандарына наалат айтып, аларды жазалоону суранды», — деди кабарчы.

Анын белгилешинче, чогулгандардын көбү бийликтин жума баяндарды мамлекеттик пропаганданын куралы катары пайдаланып жатышына нааразы болушту. «Имам саясий билдирүүлөрдү айта баштаганда чогулгандардын көбү өз ара кобурашып, «кайрадан баштады» деп нааразы болушту», — деди ал.

Басылма жума баяндарда саясий билдирүүлөрдүн айтылышы боюнча өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча башкармалыктан түшүндүрмө ала алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: