Menu

Аида Касмалиева, Жогорку Кеңештин депутаты: “Апам мени эч качан мактабайт”

Бөлүшүү:

—Кесиби боюнча китепканачы, мүнөзү токтоо, оор басырыктуу менин апам Мырзаева Бактыгүл учурда неберелерин эркелетип төрүбүздө олтурат. Апам дайыма мага: «Өзүңө гана ишен, башкаларга ишенбе, аракет кыл. Аракет кылсаң баардыгы болот» деген кеңештерин берет. Мен кандай гана ийгиликтерге жетишпейин эч качан көзүмчө мактабайт жана башкаларга да мактанбайт. Иш сапарым түшүп айылга барып калганымда сөзсүз жаңы төшөк салып, түн болсо да уктабай тамагын жасап, дасторконун жайнатып күтүп олтурат.

Эл арасында апасы бар адамдар эч качан картайбайт деп коюшат го. Апам мен картайбаш үчүн дайыма маңдайымда атам менен бирге бактылуу карылыктын доорун сүрүшсө дейм. Апама өзү каалаган кийим кечесин, зер буюмдарын сатып барып, көңүлүн көтөргөнгө аракет жасайм. Бул дүйнөдө биздин кандай экенибизге карабай сүйө алган жалгыз гана «ЭНЕ» деген зат эмеспи.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: