2019-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы Ж. у. Н. 30 000 (отуз миң) сом
өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча кармалган Ж. у. Н Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орнотуу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Кармоо учурунда 30 000 (отуз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Ж. у. Н. өздүк автоунасынан табылып алынды.
Материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап параталап кылуу) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ