Menu

Алматы облусунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Казакстандын Алматы облусунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айгүл Амангелдинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кыздын сөөгү 19-май күнү кечинде Талгар районунун Белбулак айылына жакын жерден табылган.

«Туугандары кызды таанышты. Анын денесинде кыйнап өлтүрүү белгилери жок. Божомолдорго ылайык, кыз өз жанын өзү кыйган. Анын өлүмүнүн так себебин соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Тергөө иши «Өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү» беренесинин негизинде башталды», — деп билдирди полиция департаменти.

Айгүл Амангелди 13-майда Талгар районунун Белбулак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал күнү кыз университетте сынак тапшыруу үчүн Алматыга бармак. Полиция кызды издөө операциясы башталганын 15-майда билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: